Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Жээнбеков менен Эрдоган телефондон сүйлөштү


Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. 1-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.
Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. 1-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.

Бүгүн, 12-августта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, мамлекеттердин башчылары эки тараптуу кызматташтыкты жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулашты.

Президенттер ошондой эле бири-бирин Курман айт майрамы менен куттукташты.

Режеп Тайып Эрдоган 2018-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Анда Сооронбай Жээнбеков 1994-жылы эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү болгону 20 миллион долларды түзсө, акыркы 23 жылда бул көрсөткүч 18 эсе көбөйүп, 2017-жылы 356 миллион долларга жеткенин айткан жана Түркияны Кыргызстанга инвестиция салууга чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG