Шашылыш билдирүү:
Узакка созулган кургак менен ысыктан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт.
14-15-августтарда жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Аба ырайы:
13-августта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° болот.