Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Орусия: жарылууда каза тапкан Росатомдун беш кызматкери жерге берилди


Орусия.
Орусия.

Архангелск облусунун аскер полигонундагы жарылууда каза тапкан беш кызматкердин сөөгү жерге берилди. Жаңы өзөктүк кыймылдаткычты сынап жаткан учурда көз жумган беш кишинин тажиясына миңдеген адам катышты. 12-августта алардын баары Москвадан 375 чакырым чыгыштагы, 1940-жылдардан бери өзөктүк курал жасоо борбору болгон, жабык Саров шаарында жерге берилди.

Росатом ишканасынын башчысы Алексей Лихачев курман болгондорду «чыныгы баатырлар» жана «биздин өлкөнүн сыймыгы» деп атады.

Орусиядагы Росатом мамлекеттик корпорациясы 8-августта Архангельск облусундагы аскер полигонунда беш кызматкери каза болгонун ырастаган. Маалыматка ылайык, полигондо реактивдүү кыймылдаткычты сыноо жүрүп жаткандагы бул кырсыкта дагы үч адам жаракат алган.

Анын алдында Архангелск облусунда радиациянын деңгээли текшерилип жатканы кабарланган. Бийлик өкүлдөрү радиациялык фон белгиленген өлчөмдө экенин билдирген. Бирок батыштагы айрым булактар Ак деңиздин жээгиндеги Ненокс айылында реактивдүү кыймылдаткыч жарылганын жазып чыккан эле.

«Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, Архангелск облусунда өзөктүк күйүүчү май колдонгон ракетанын кыймылдаткычы жарылганын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG