Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

УКМКнын мурдагы жетекчиси Сегизбаев бүгүн ИИМге суракка барат


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка барат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын жакындары кабарлашты.

Атайын кызматтын экс-жетекчиси 15:00дө ИИМде болушу керек.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан. УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери чакыруу тапшырыш үчүн гана барганын кабарлашкан. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Алмазбек Атамбаев өзү «Коррупция» беренеси боюнча шектүү катары 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды. (ErN)

XS
SM
MD
LG