Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучу сегиз күндөн бери ачкачылык кармоодо


Мелис Калыков соттук процессте. Архивдик сүрөт.
Мелис Калыков соттук процессте. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталып жатан Мелис Калыков сегиз күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» шектүүнүн бир тууган эжеси Дарийка Калыкова билдирди.

Анын айтымында, иниси ишти караган Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылууда.

Шектүү мындай талабын буга чейинки соттук отурумдарда бир нече жолу койгон. Ага карабай аталган сот ишти кароону улантып келген. Акыркы жолу отурум 5-августта болгон учурда да Калыков ишенбестик көрсөтүп, сот анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Сот бүгүн, 13-августта уланат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Мелис Калыковдун ачкачылык кармап жатканын ырастап, ал суу ичип жаткандыктан абалы оор эмес экенин билдирди.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG