Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кадыр Атамбаев Кой-Таштагы операцияны чагым катары баалады


Кадыр Атамбаев.
Кадыр Атамбаев.

Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «Жаңы жүздөр» («Новые лица») журналындагы маегинде 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуяларды «күч түзүмдөрү тарабынан уюштурулган чагым» катары баалады.

«Мен бул өтө кылдат уюштурулган чагым болгон деп ойлойм. Ал болушунча көп курмандыктарды алып келиш үчүн жасалган. Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан».

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө тартылган жарым саатка чукул видеомаекте ал 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи операция учурунда Ысык-Көлдө апасы менен эс алып жүргөнүн айткан. Ошондой эле Кой-Таш операциясында окко учкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокерин атасы атпаганын билдирген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шек саналууда.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери каза болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG