Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн айтты. Ал мындай маалымат алдын-ала алынганын жана ага бөгөт коюлганын билдирди:
- 8-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары саат 16:00дө «Форумдун» алдына чогулуп, анан кечинде бийликти мыйзамсыз басып алуу, массалык башамандык уюштуруу, талап-тоноо максаттары бар экендиги бизге маалым эле. Кечинде Бишкек шаарынын борбордук аянтына 1500дөй жаран топтолуп келди. Жаш балдар, баңгилер жана соттолгондор менен бийликти алып, шаарды тоногонго аракет кылышты.
9-августка караган түнү Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына жаалданган топ чыгып, жолдорду тоскон.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы 8-9-август түнү болгон окуялар боюнча 40тан ашуун киши кармалганын билдирген. Милиция алар Жогорку Кеңештин имаратына, супермаркеттер менен соода борборлоруна кирүүгө аракет кылышканын кабарлаган. (BTo)