Кой-Ташта болгон окуяда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди эч ким аткан эмес. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:
- Сегизбаевди эч ким аткан эмес. Ал ок тийгендей түр көрсөткүсү келип жатат. Ал качып баратып бутун кокустатып алган. Көп болсо көгөрүп калса керек.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясында Абдил Сегизбаевдин бутуна желим ок тийгенин анын жакындары айтып чыгышкан. Социалдык тармактарга ал «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген сүрөттөр жарыяланган.
Сегизбаев 13-августка Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылган. Атайын кызматтын экс-жетекчиси 15:00дө ИИМде болушу керек.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы үзгүлтүккө учурап, УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Андан тышкары «Альфанын» алты жоокери барымтада калып, бир нече кызматкери токмоктолгон.
8-августта Атамбаевди кармоо боюнча Ички иштер министрлиги экинчи операцияны жүргүзүп, жыйынтыгында мурдагы президент колго түшүп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. (BTo)