Тажикстанда сойкулук үчүн жазаны күчөтүү каралган Административдик кодекстеги өзгөртүү күчүнө кирди. Ага ылайык, мындан ары сойкулук кылган деп кармалгандарга 1100 сомониден 1650 сомониге чейин (110-165 АКШ доллары) айыппул салынат. Эгер ал жаран кайра кармалса 1650 сомониден 2750 сомониге чейин (165-275 доллар) айыппул төлөйт, же болбосо 15 суткага камалат.
Тажик парламенти сойкулук үчүн жазаны күчөтүү максатында 2015-жылы күзүндө Административдик кодекске өзгөртүү киргизген. Тажикстанда сойкулук кылмыш болуп эсептелбейт, бирок аны менен алектенгендер административдик жоопкерчиликке тартылат.
Тажик милициясынын маалыматы боюнча, 2018-жылы ушундай жол менен акча тапкан алты миңге жакын аял каттоого алынган. Алардын арасында өспүрүм кыздар да болгон.
Укук коргоочулар, кыз-келиндер сойкулукка аргасыз барарын айтып, жазаны күчөтүүнүн кесепети оор болоорун эскертип жатышат.
Тажикстандагы укук коргоо уюмдары былтыр Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) үчүн даярдаган баяндамада сойкулук менен алектенген кыз-келиндер зордук-зомбулукка кабылган учурлар көбөйгөнү, буга көп учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аралашары айтылган.
БУУнун комитетинин мүчөлөрү тажик бийлигин сойкулук үчүн жазаны таптакыр алып салууга чакырган.