Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Момбеков: Атамбаевдин ишинде парламент чагымчылдык кылды


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талбайт» телеберүүсүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаалга Жогорку Кеңеш жол ачып, чагымчылдык кылганын айтты:

- Конституциянын 69-беренесинде «Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтү бүткөндө экс-президент деген наам берилет» деп жазылып турат. Ал эми наамды Жогорку Кеңеш ала албайт да. Аны сот алат. Бул киши (ред: Ишенбай Кадырбеков) «Атамбаевдин күнөөсү - чагымчылдык кылып тергөөгө барбай койду» деп атат. Чын-чынына келгенде чагымчыл биз (ред: Жогорку Кеңеш) болуп атпайбызбы. Анткени Жогорку Кеңеш карама-каршылыкты түзүп бербедикпи. Бычактын мизине келип такалып калганда Конституциялык палата декабрды күтпөй эле чогула калып ишти аягына чыгарып койсо ушундай акыбалга келет белек? Келбейт болчубуз. Бул да бийликтин кетирилгис кемчиликтеринин бири.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Атамбаев парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата арыз жыл аягында караларын билдирген.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы үзгүлтүккө учурап, УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Андан тышкары «Альфанын» алты жоокери барымтада калып, бир нече кызматкери токмоктолгон.

8-августта Атамбаевди кармоо боюнча Ички иштер министрлиги экинчи операцияны жүргүзүп, жыйынтыгында мурдагы президент колго түшүп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кой-Таштагы окуялардан кийин бүгүн, 13-августта Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер менен иш козголгонун билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG