Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 13-августта Тажикстан менен Кытайдын аскерлеринин жалпы машыгуусу башталды. Расмий Дүйшөмбүнүн билдиргени боюнча, анын максаты террорчулардын чабуулунун биргелешип алдын алуу болуп саналат. Анда танктар жана артиллерия, мотоаткычтар бөлүмү катышып жатат.
Тажикстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, машыгуу 14-августта аяктайт.
Машыгууга Кытай тараптан канча аскер катышып жатканы жана кандай аскердик техника келгени маалымдалган жок.
Ушундай соңку жалпы машыгуу 2016-жылдын аягында да өткөн. Ага он миң жоокер катышканы, алардын 200дөйү Кытайдан келгени айтылган.
Тажик-кытай аскерлеринин жалпы машыгуусу Ооганстандын Бадахшан аймагындагы тынч эмес жагдайга туш келди. «Талибан» кыймылы бир канча жылдан бери ушул аймактын бир топ бөлүгүн көзөмөлдөйт. Бирок алар ушул кезге чейин чек араны бузуп тажик тарапка кирип келген эмес.
Буга чейин ооган Бадахшандын аймагында террорчул жана экстремисттик топтордун мүчөлөрүнүн арасында Кытайды кооптондурган уйгур жикчилдери бар экендиги тууралуу маалымат айтылган.