Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Атамбаевди кайтарган УКМКнын эки кызматкерине юридикалык баа берилет (видео)


Алмазбек Атамбаев жана аны кайтарууга бөлүнгөн УКМКнын кызматкери.
Алмазбек Атамбаев жана аны кайтарууга бөлүнгөн УКМКнын кызматкери.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган эки кызматкеринин иш-аракетине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Ал Атамбаевге бөлүнгөн эки кызматкер мыйзам боюнча мурдагы президентти коргошу керек экенин, бирок Атамбаевди кармоого барган УКМКнын жоокерлеринин буйругуна баш ийүүгө милдеттүү болгонун билдирди.

- Тилекке каршы, алар Атамбаев менен бирге качып кетип, анын үйүнө жашынып алган. Муну менен алар бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө шерик болуп калышты. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын аракетине юридикалык баа берилет, - деди Сагынбек Самидин уулу.

УКМКнын 9-башкармалыгынын эки кызматкери 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо кармалган.

7-августта Атамбаевди кармоо операциясы үзгүлтүккө учурап, УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Андан тышкары «Альфанын» алты жоокери барымтада калып, бир нече кызматкери токмоктолгон.

8-августта Атамбаевди кармоо боюнча Ички иштер министрлиги экинчи операцияны жүргүзүп, жыйынтыгында мурдагы президент колго түшүп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кой-Таштагы окуялардан кийин бүгүн, 13-августта Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер менен иш козголгонун билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG