Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Казакстан: тоо-кен ишканасындагы чатак иликтенип жатат


Караганда облусу, Жайрем кени.
Караганда облусу, Жайрем кени.

Казакстандын Караганда облусунда жайгашкан Жайрем тоо-кен байытуучу комбинатындагы 12-августтагы мушташ боюнча тергеп-иликтөө башталды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, чатакта бир топ чет өлкөлүк жумушчулар жеңил жараат алды.

Караганданын полициясы учурда жагдай көзөмөлдө экенин билдирди, бирок жаңжалдын себеби тууралуу маалымат берген жок.

«Азаттыктын» казак кызматына атын атабоону өтүнгөн айрым жеригиликтүү тургундар чыр чет өлкөлүк жумушчунун жылаңач кыз менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу чыгышы мүмкүн экенин айтып беришти.

Жайрем тоо-кен байытуучу комбинаты Караганданын борборунан 360 чакырым алыс жайгашкан.

Ушул жылдын июль айында Атырау облусунда Теңиз кенинде жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын ортосунда калайман мушташ орун алган. Анда 40тай адам жабыркаганы маалым болгон.

Жаңжалга ливандык жарандын колундагы рацияны казак кыздын оозуна туштап түшкөн сүрөтү себеп болгон. Нааразылыкка чыккандар жумуштагы шарт, айлык акыга байланыштуу теңсиздик тууралуу да даттанышкан.

XS
SM
MD
LG