Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Париж терактысына шектүүгө Брюсселдеги кол салуу боюнча да айып коюлду


Салех Абдесаламдын сотунда тартылган сүрөт.
Салех Абдесаламдын сотунда тартылган сүрөт.

Белгиянын Федералдык прокуратурасы Салех Абдесаламга 2016-жылы Брюсселдеги аэропорттогу жана метронун станциясындагы куралдуу кол салуу боюнча айып койду. Бул кандуу окуяларда 32 адам өлүп, дагы 340 киши жарадар болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму алган.

Буга чейин Салех Абдесаламга Франциянын Париж шаарындагы 2015-жылы ноябрдагы террордук чабуулдарга байланыштуу айып коюлган. Анда 130 адам өлүп, ондогон киши жабыркаган.

Ушул жылдын апрель айында Белгияда сот Салех Абдесаламды колго түшүрүү учурунда полицияга ок атканы үчүн 20 жылга эркинен ажыраткан. Париждеги теракт боюнча анын иши сотко жете элек.

Теги марокколук француз жараны, 29 жаштагы Абдесалам Белгиянын Мөленбек районунда чоңойгон. Европадагы эң изделген адамды коопсуздук органдары төрт ай бою колго түшүрө албай жүрүп, 2016-жылдын 15-мартында гана Брюсселдин эмигранттар жашаган бөлүгүндө ага кошуп төрт шектүүнү кармашкан.

XS
SM
MD
LG