Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыкты. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча суракка алынганын, тергөөнүн ага карата дагы суроолору болсо келип көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты.

Сегизбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 11-августта суракка чакырылган. Ал 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМКнын биринчи операциясы учурунда бутунан жаракат алганын билдирип келет.

Бирок, бүгүн 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын, ал өзү качып баратып чалынып жыгылганын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG