Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан бошотулду


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта «Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү» деп айтылат.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн» ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш киргизилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа бериш үчүн жиберилди. (BTo)

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

XS
SM
MD
LG