Казакстандын Алматы облусунда 13-августта эртең менен Алматы-Бишкек кан жолунун 84-чакырымында авария болду.
Облустук полициянын маалыматына караганда «Mazda-626» үлгүсүндөгү машине менен «Shacman» үлгүсүндөгү жүк ташыган машине кагылышкан. Натыйжада жеңил машинедеги айдоочу баштаган беш адам ошол жерден мүрт кеткен. Дагы үчөө жаракат алып, Жамбыл районундагы ооруканага жеткирилди. Өлгөн адамдардын үчөө жаш балдар экени маалым болду.
Жол кырсыгына кабылгандардын тек-жайы тууралуу маалымат бериле элек.
Расмий маалымат боюнча, Казакстанда жол кырсыгынан жыл сайын 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылат.