Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Дмитрий Ложников УКМКга чакырылды


Дмитрий Ложников.
Дмитрий Ложников.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) маектешүүгө чакырылды. Бул тууралуу ал өзү телеканалдын сайтында жарыялады.

Андагы тасмада Ложников атайын кызматтын имаратынын алдында туруп, сүйлөп жатканы көрсөтүлгөн.

- Мага УКМКнын кызматкери чалып маектешүүгө келип кетүүмдү сунуш кылышты. Чакыруу кагазы келген жок. Мага "бул сурак" деп айтышкан жок. Баарлашуу гана экен. Алар мага окуянын чордонунда жүргөнүмдү, ошондуктан көргөн-билгенимди айтып беришим керек экенин билдиришти. Мен канчалык көп нерсе айта аларымды билбейм, анткени мен чабуул учурунда окуя болгон жерде болгон эмесмин. Мен телеканалда эле болгомун жана анда бизди ал жерде кууп чыккыча өз ишим менен алектенип жаткамын, - деп билдирет анда Дмитрий Ложников.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.

«Апрель» телеканалы коррупцияга шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. (ErN)

XS
SM
MD
LG