Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Пакистандын премьер-министри эгемендик майрамын Кашмирде белгилейт


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан 14-августта өлкөнүн эгемендик майрамын Кашмирдин Пакистан башкарган аймагында белгилей турган болду. Өкмөт башчынын канцеляриясы билдиргендей, Музаффарабад шаарына Ханды бир нече министр коштоп барат жана «бардык тараптардын жыйынын» өткөрөт.

Имран Хандын бир күндүк сапарынын алдында Пакистан БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырган. Мындай кадамга бул өлкө Индиянын Жамму жана Кашмир райондорун автономиядан ажыраткан чечиминен соң барды.

Расмий Исламабад коопсуздукту бузуу жана коменданттык саат киргизүү менен коштолгон бул аракет эл аралык тынчтыкка коркунуч алып келет жана мусулмандар артыкчылык кылган аймакта улуттук негизде тазалоого, тукум курутка алып барат деп билдирүүдө.

5-августта Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен.

Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG