Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Жолдубаева: Асанов бизге маалымат берген эмес


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган» деген сөздөрдү четке какты:

- Курсан Асанов биз менен кызматташып, маалымат берген эмес. Бул жөн гана ага жалаа жабуу. Асанов 8-августта сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жетишти. Ошондон кийин коомчулукта анын бедели көтөрүлүп, «чыныгы элдик генерал» деген сөздөр айтылды. Мүмкүн кээ бирөө көрө албастык кылып жаткандыр. Сүйлөшүүдө Курсан Асановдун ролу чоң болду. Асанов үчүнчү кабатка көтөрүлүп «Алмазбек Шаршенович, мен Курсан» деп айтканда Алмаз Шаршенович ага ишенди. Анын сөзүнөн, жүргүзгөн маегинен сүйлөшүү ийгиликтүү болушуна кызыкчылыгы бар экени сезилип турду.

Айрым массалык маалымат каражаттары «Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына жашыруун маалымат берип турган» деп айыпталып жатканын жазышууда.

Жолдубаев «Азаттыкка» берген комментарийинде 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармап кетип баратканда жансакчысы көтөрө чыккан баштык боюнча да түшүндүрмө берди. Ал сөз болуп жаткан баштыкта Атамбаевге тиешелүү мүлктүн документтери болгонун, алар мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесаревге өткөрүлүп берилгенин айтты.

Социалдык тармактарда «Атамбаевдин үйүнөн чыгарылган баштыкта баалуу буюмдар болгон» деген тасмалар тарап жатат.

Ал эми ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ишти иликтеп жатат.

Асанов ага коюлган айыптарды толугу менен жокко чыгарып, ал жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбогонун жарыялады. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан. (BTo)|

XS
SM
MD
LG