Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

«Reuters»: Нёноксадагы окуянын орус ракеталарына байланышы бар


Архангелск облусундагы Нёнокса аскер базасы.
Архангелск облусундагы Нёнокса аскер базасы.

Вашингтон Орусиянын Нёнокса аскер полигонунда болгон жарылуу менен Москванын үндөн да ылдам учкан канаттуу ракеталары боюнча программасынын ортосунда байланыш бар деп ишенет. Бул тууралуу Ак үйдүн атын атагысы келбеген жогорку расмий өкүлү «Reuters» маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, АКШ Нёноксадагы окуяны өзөктүк жарылуу деп атоого даяр эмес, бирок бул жарылууга радиоактивдүү элементтер аралашкан деп эсептейт.

Орусиядагы «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Архангелск облусундагы бул полигондо беш кызматкери каза болгонун 8-августта ырастаган. Маалыматка ылайык, аймакта реактивдүү кыймылдаткычты сыноо жүрүп жаткан.

12-августта «Нью-Йорк таймс» басылмасы атын атабаган америкалык чалгын кызматкерлерине таянып, Орусия өзөктүк кыймылдаткычы бар канаттуу ракетанын жаңы түрүн сынап жатканын жана полигондогу жарылуу аймакта Чернобыль окуясынан кийинки эле эң чоң катастрофа болуп калышы мүмкүн экенин жазган.

Ошол эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп Нёноксада НАТО «Skyfall» деп атаган орус ракетасы жарылганын, сыноо аймагындагы абанын тазалыгы кабатырлануу жаратып жатканын билдирген.

Кремль аскердик полигондо кандай сыноо болгону жана жарылууга чоо-жайы тууралуу деталдуу маалымат берген эмес.

Нёнокса шаарынын тургундарын эвакуациялоо 14-августка белгиленген эле. Бирок элди коопсуз көчүрүү планы токтотулганы маалым болду. Ошентсе да «Росгидромет» сыноо болгон аймактан уулуу жана белгисиз радиоактивдүү заттар абага чыкканын билдирген.

XS
SM
MD
LG