Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Дубайда тажик талаа командири кармалды


Хужи Каримов.
Хужи Каримов.

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Тажикстандагы жарандык согуш маалында Элдик фронтту жетектеген мурдагы талаа командири Хужи Каримов (Хужа-командир) кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали «Азаттыктын» тажик кызматындагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Каримовду Тажикстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат. Экс-командир Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Интерпол тарабынан кармалган.

Тажикстандан качып кеткен Хужа Каримов 2000-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Интерполдун маалыматына караганда, ал 1992-1997-жылдар аралыгында бир катар оор кылмыштар үчүн айыпталууда.

Каримовго каршы 2005-жылы Тажикстанда козголгон кылмыш ишинде ал «Киши өлтүрүү», «Талоончулук», «Барымтага алуу» беренелери менен, ошондой эле улуттук жана эл аралык мүнөздөгү башка кылмыштар үчүн айыпталган.

Тажикстандан качканга чейин Хужа Каримов Коргоо министрлигинин атайын бригадасынын командиринин биринчи орун басары жана Тажикстандын Футбол федерациясынын башчысы кызматтарында иштеген.

XS
SM
MD
LG