Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Нурдин Сулайманов Атамбаев менен жолугуп чыкты


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты.

Сулайманов «Азаттыкка» мурдагы президент эки кишилик камерада жалгыз отурганын, УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айтканын билдирди:

- «Кармоо шарттары, тергөөчүлөрдүн мамилеси жакшы. Дары-дармектер бар» дейт. Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат экен. Адвокаты да кирип-чыгып жатыптыр. Камерада кичинекей жарык берүүчү жабдык бар экен. Болгону ошону кечкисин өчүрүп коюусун суранды. «Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай жатам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок» деди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Бүгүн Атамбаевге Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу дагы эки кылмыш иши боюнча маалымдама берилгени белгилүү болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG