Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

Шаардык сот 16-августта Атамбаевдин бөгөт чарасын карайт


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкек шаардык соту 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Ал «мыйзам боюнча Атамбаев шаардык сотко жеткирилиши керек» дейт. Соттук отурум саат 10:00го белгиленди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Бүгүн Атамбаевге Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу дагы эки кылмыш иши боюнча маалымдама берилгени белгилүү болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG