Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Монтенегро: жабык коомдук жайларда чылымга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европадагы эң көп чылым чегилген өлкөлөрдүн башкы сабында турган Монтенегродо (Черногория) казинолордон башка бардык жабык коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынды.14-августта күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык ресторан, кафе сыяктуу коомдук жайларда чылым чегүүгө болбойт. Мындай эрежени бузгандар 560 доллардан 22 370 долларга чейин айыпка жыгылышы мүмкүн.

Жаңы мыйзамды Монтенегронун парламенти 31-июлда бир добуштан жактырган. Мындай документке тамекиге каршы 2004-жылы кабыл алынган мыйзамдан майнап чыкпаганы себеп катары көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, Монтенегродо 15 жаштан өйдөкү жарандардын 46 пайызы чылым чегет. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын 400дөй жаран өпкө шишигине чалдыгаарын билдирген.

Жаңы эреже айрым ишканаларга тамеки тарткандар үчүн өзүнчө бөлмөлөрдү түзүүгө уруксат берет.

XS
SM
MD
LG