Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:15

Москвада Самат Курманкуловго кошумча анализдер дайындалды


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловго кошумча анализдер дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөрдү. Операция болор-болбосу анализдер алынгандан кийин белгилүү болот.

11-августта Бишкекте Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда орусиялык дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин Самат Курманкулов Москвага которулган. Буга чейин башына эки жолу операция жасалганына карабай ал дагы эле комада жатат.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG