Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

ИИМ: Үсөнбек Ниязбеков өз куралынан атылганы жалган


Кой-Таш айылындагы операция учурунан тартылган сүрөт. Иллюстрация.
Кой-Таш айылындагы операция учурунан тартылган сүрөт. Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ыкчам отрядынын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу автоматынан атылды» деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, окуялардын жүрүшүндө алынган курал жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллистикалык экспертизалар дайындалды.

«Экспертизанын жыйынтыктары азырынча даяр боло элек. Белгилеп кете турган нерсе - «кармалган жарандын киши өлтүрүүгө катышы бар» деген маалымат сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө текшерилүүдө. Аны экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча билдиребиз» деп айтылат кабарда.

14-августта ИИМдин Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 7-8-августтагы окуялардын дагы бир активдүү катышуучусу, 29-жаштагы жаран кармалганын кабарлаган. Ал УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүргөн деп шек саналууда.

Мындан кийин айрым массалык маалымат каражаттары күч тармагындагы жеке булактарына таянып, Ниязбеков өзүнүн куралы менен атылганын, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин жазышкан.

​«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG