Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:53

Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды


Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды.

Токмок шаардык прокурорунун К.Т. аттуу жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка караганда, прокурордун жардамчысы шаардагы ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен алдын-ала келишип алып А.К. аттуу жарандын кытай улутундагы күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп 15 миң доллар пара талап кылган. Алар Кыргызстандын аймагынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алганын айтып, топтолгон материалдарды тергөө органдарына өткөрүп, күйөөсүн депортация кылуу менен коркуткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 14-августта прокурордун жардамчысы менен пара алууга ортомчулук кылган ишкананын кызматкери кармалды. Факт Жазык кодексинин 326-беренеси боюнча («Пара талап кылуу») Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагына камалды. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG