Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

ЖАМК: Прокурордун өлүмү үчүн айыпталган Калыков ачкачылыкты токтотту


Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталып жатан Мелис Калыков ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, Калыков ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотконун 14-августтагы арызында жазган. Анда «нааразылыктын мындай түрүн эч ким укпайт жана көңүл бурбайт экен. Көрсө жөн гана өзүңдү өзүң өлтүрөт экенсиң. Сот ошол бойдон ишин улантып жатат. Мен ден соолугума байланыштуу ачкачылыкты токтотом», деп жазылган.

Айыпталуучунун бир тууган эжеси Дарийка Калыкова ЖАМКтын маалыматын четке кагууда. Буга чейин ал иниси ишти караган Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылып, 9-августтан тартып тамактан баш тартканын айткан. Шектүү мындай талабын буга чейинки соттук отурумдарда бир нече жолу койгон. Ага карабай сөз болуп жаткан судья ишти кароону улантып келген.

Шектүүнү 13-августта сот залына милиция кызматкерлери эки ийининен көтөрүп келишкен.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG