Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Равшан Жээнбеков: мени 48 саатка камашат


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аскерлердин барымтага алынышына байланыштуу камала турганын билдирди. Анын «Азаттыкка» айтканы боюнча, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы аны Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча («Барымтага алуу») 48 саатка камай турганын маалымдаган.

- Мен тескерисинче аларды чыгарып, барымтага алынгандарга жардам берип, «Тез жардамга» чыгарып берип, колумдан келгенин кылгам. Бирок мага ушундай берене коюлуп жатат. Мен мыйзамдуу иштеген оппозициялык-демократиялык саясатчымын. Буга чейин мага эч нерсе таба алышкан эмес. Азыр Атамбаевдин шылтоосу менен Кыргызстанда оппозицияны, эркиндикти, демократияны жок кылалы деп бийликтин жасап жаткан кадамы болуп эсептелет.

Жээнбеков мыйзам чегинде сотто актыгын далилдей турганын билдирди.

ИИМ бул маалыматты ырастай элек.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштуруу боюнча шектүү катары 8-октябрга чейин камакка алынган.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 7-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо үчүн барып, барымтада калган «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн алты кызматкери сабалганын басма сөз жыйынында билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG