Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Моди Кашмирди өзгөчө макамынан ажыратуу жөнүндө сунушту колдоду


Нарендра Моди.
Нарендра Моди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кашмир менен Жамму штаттарын өзгөчө автономия макамынан ажыратуу бул аймакты «кайрадан атак-даңкка бөлөйт», өлкөнүн өнүгүшүндө «маанилүү роль ойнойт» деп билдирди.

Индия өкмөтүнүн башчысы 15-августта өлкөнүн эгемендик күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө өзгөчө макам тууралуу буга чейинки келишим «коррупцияга, бийликтеги тууганчылыкка жана акыйкатсыздыкка алып келди» деп айтты.

Өткөн аптада Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын билдирген. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган. Ал 14-августта Пакистандын эгемендик күнүндө Кашмирдин Исламабад көзөмөлдөгөн аймагына барган. Мунун алдында Имран Хан Кашмир маселеси боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул чогулууга чакырган.

АКШ өзөктүк куралы бар бул эки мамлекетти Кашмир маселесинде сабырдуулукка чакырган.

XS
SM
MD
LG