Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

«Азаттыктын» «Инстаграмдагы» баракчасына жазылгандар миллионго жетти


«Азаттыктын» «Инстаграмдагы» баракчасы.
«Азаттыктын» «Инстаграмдагы» баракчасы.

«Азаттыктын» «Инстаграмдагы» кыргызча баракчасына жазылган окурмандардын саны бир миллионго жетти. Кыргыз жана орус тилдериндеги маалыматтардын эки баракчасы тең расмий тастыкталып, «Инстаграмдын» көк топчусун (верификация) алган. Ал баракчаларда күн сайын Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон орчундуу окуялар тууралуу жаңылыктар, макалалар, сүрөт, видеолор жарыяланат.

Орусча баракчадагы окурмандардын саны 479 миң.

Буга чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынан миллион окурманды «Супер-инфо» гезитинин жана super.kg сайтынын баракчалары топтогон. «Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2019-жылдын июнундагы маалыматына караганда, кыргызстандыктар арасында «Инстаграмды» колдонгондор көп (1 630 000) жана алардын дээрлик баары жаштар.

Андан кийин «Одноклассники», анын артында «Фейсбук» турат.

XS
SM
MD
LG