Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Иран: милдеттүү хижаб кийүүгө каршы чыккан эне-кыз соттолду


Тегеранда, коомдук жайда жоолукту чечүү акцияларынын бири.
Тегеранда, коомдук жайда жоолукту чечүү акцияларынын бири.

Иранда хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы акция өткөргөн үч аял соттолду. Алардын экөө эне менен кыз. Үчөөнүн түрмөдөгү камак мөөнөтү жалпысынан 55 жылды түздү.

Вашингтон буга байланыштуу Тегеранды «адам укуктарын одоно бузду» деп айыптады.

АКШнын мамлекеттик катчысынын басма сөз өкүлү Морган Ортагус: «Биз Иран режими Ясаман Арьянини, Монире Арабшахини жана Мойган Кешаварды 55 жылга эркинен ажыратканын айыптайбыз. Алар хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы экенин билдирип акция өткөргөндө өткөн-кеткендерге жөн гана гүл таратып турушкан. Биз дүйнө мамлекеттерин бул олуттуу укук бузууну айыптоого чакырабыз» деп билдирди.

Соттолгон аялдар быйыл 8-мартта Тегеранда поезддерде башына жоолук салбай гүл таратып каршылык акциясын өткөрүшкөн. Ирандын бийлиги аларды «сойкулукту жайылтып жатат» деп айыптаган.

Өткөн айдын аягында Тегеран Революциялык соту жоолуксуз, хижабсыз сүрөтүн жарыялаган кыз-келиндер 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскерткен.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан кийинки бийлик аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү керек деп чечкен. Ага ылайык, кыз-келиндердин баары дене-башын жашырган кийим кийип жүрүшү зарыл. Өлкөдөгү адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд жүргүзүп турат. Мыйзамды бузгандар эки айга камалат жана 25 доллар өлчөмүндө айып төлөйт.

Соңку жылдары кыз-келиндер мыйзамга каршылык билдирип, аны кыйгап өтүүнүн жолдорун издеп келет. Өлкөдө милдеттүү хижабга каршы нааразылык акциялары да өтүп, айрым аялдар камалган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG