Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Президент Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагына барды


Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагына барды.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагына барды.

Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу – мамлекеттик органдар менен бизнестин биргелешкен милдети. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы ишканалардын иши менен таанышкан учурда билдирди.

Президент калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болуучу экспортко багыт алган ишканаларды көбөйтүү, өндүрүштү өнүктүрүү, заманбап транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү зарыл экенин белгиледи.

Ал ишкерлер тарабынан айтылган бардык көйгөлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар бериле турганы айтты. Ишканаларды кыдырууга президенттин кеңешчиси Олег Панкратов, экономика министри Санжар Муканбетов, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев катышты.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы уюшулган 20 жылдан ашуун убакыттан бери андагы ишканалар төрт эсе азайган.

Алгач ал жерде миңден ашуун компания катталса, азыр алардын саны 300гө түштү. Анын жарымы гана чындап иштеп жатса, аталган аймактагы ишканаларга берилген жеңилдиктердин жоюлушунан улам айрымдары чет өлкөгө чыгып кетүүнү көздөп жатышканын айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG