Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Равшан Жээнбеков камалган жок, күбө катары сурак берип чыкты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда аскерлердин барымтага алынышы боюнча күбө катары сурак берип чыкты. Ал «Азаттыкка» 16-августка ИИМдин Тергөө кызматына кайра суракка чакырылганын кабарлады:

- Барымтага кармоо боюнча кандай иштер жүргүзүлдү эле? Мен билген нерселеримди айтып бердим. Маалымат каражаттарына чыккан видеолордун бардыгын жазып келип тергөөгө бердик. Ал жерде бардыгы көрүлдү. Мен тескерисинче балдарды коргоого, «Тез жардам» кызматына чыгарып бергенге аракет кылганым көрүнүп турду. Бүгүн чыгарышты, бирок эртеңкиге кайра чакырышты.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта Кой-Ташта аскерлердин барымтага алынышына байланыштуу Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча («Барымтага алуу») 48 саатка камалышы ыктымал экенин айткан.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштуруу боюнча шектүү катары 8-октябрга чейин камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG