Робин Орд-Смит ишкердик иштин субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.
Байкоочу кеңеш Бизнес-акыйкатчыны июнь айында эле тандаган. Анын курамында өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү бар.
53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Элчиликтен кетип, Бизнес-акыйкатчы болгонго чейин Кыргызстанда жашаган. (КЕ)