Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги көпүрөнү сел алып кетти


Сел алып кеткен көпүрө. 15-август, 2019-жыл.
Сел алып кеткен көпүрө. 15-август, 2019-жыл.

15-августта жааган катуу жаандан улам Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кызыл-Туу айылына кире беришиндеги, кан жолдогу көпүрөнү сел алып кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган райондун акими Данияр Арпачиев билдирди. Анын маалыматына караганда, көпүрө жараксыз абалга кептелди.

- Азыр жеринде алты оор техника каражаты иштеп жатат. Негизи бул көпүрө чоң жолдо, ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат. Азырынча тазалоо иштери жүрүп, акырындык менен жол кыймылы калыбына келтирилип жатат. Бирок суунун деңгээли түшпөй, оорчулуктар жаралууда, - деди Арпачиев.

Жергиликтүү бийлик өкүлү көпүрө толук оңдоп-түзөө иштерине муктаж экенин да кошумчалады.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, узакка созулган кургак менен ысыктан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертип жаткан. Мекеме 14-15-августтарда жана 16-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөй турагнын билдирген. Аймактарда сел коркунучу бар экени да айтылган. (KS\ErN)

XS
SM
MD
LG