Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Пакистан Индия аскерлери менен атышууда үч жоокери өлгөнүн билдирди


Кашмирдеги Индиянын жоокерлери.
Кашмирдеги Индиянын жоокерлери.

Исламабад 15-августта Кашмирдин Пакистан менен Индияны бөлүп турган районундагы атышууда өзүнүн үч, Индиянын беш жоокери окко учканын маалымдады.

Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Асиф Гафур ушул тушта маал-маалы менен атышуу болуп жатканын кабарлады. Нью-Дели мындай маалыматты жокко чыгарды.

Индиянын армиясы 15-августта тараткан билдирүүдө Пакистанды «ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузду» деп айыптады.

Өзөктүк куралы бар бул эки өлкөнүн тиреш-жаңжалы Нью-Делинин Кашмирдин өзгөчө макамын жоюу тууралуу билдирүүсүнөн кийин күчөдү.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 15-августта өлкөнүн эгемендик күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө Кашмир менен Жамму штаттарын өзгөчө автономия макамынан ажыратуу жөнүндө сунушун колдой турагын айтты. Ал мындай чечимден кийин бул аймак «кайрадан атак-даңкка бөлөнөт», өлкөнүн өнүгүшүндө «маанилүү роль ойнойт» деп билдирди.

Индия өкмөтүнүн башчысы өзгөчө макам тууралуу буга чейинки келишим «коррупцияга, бийликтеги тууганчылыкка жана акыйкатсыздыкка алып келди» деп айтты.

Өткөн аптада Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын билдирген. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган. Ал 14-августта Пакистандын эгемендик күнүндө Кашмирдин Исламабад көзөмөлдөгөн аймагына барган. Мунун алдында Имран Хан Кашмир маселеси боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул чогулууга чакырган.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын кармагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Эки коңшу өлкөнүн ортосундагы үч согуштун экөө ушул Кашмирдин айынан тутанган.

XS
SM
MD
LG