Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Гибралтар камактагы Ирандын танкерин кое берди


Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Grace-1» танкери.
Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Grace-1» танкери.

Гибралтардын бийлиги камактагы Ирандын кара май ташыган кемесине коюлган айыпты алып салып, аны кое берүү тууралуу чечим чыгарды.

Гибралтар бийлигинин «Твиттердеги» баракчасында​ «башкы министр Фабиан Пикардо танкерди камакка алуу тууралуу буга чейинки токтомду жокко чыгарууну жана аны кое берүүнү чечти» деп жазылды.

Мунун алдында АКШнын Юстиция министрлиги кеменин камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч жөнөткөнү маалым болгон.

4-июлда Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар аралынын бийлиги 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан «Grace-1» үлгүсүндөгү супер танкерди британ деңиз аскерлеринин жардамы менен колго түшүргөн. АКШ Иранды «Европа Биримдигинин санкциясын бузуп Сирияга мунай ташып бараткан» деген айыптаган.

Тегеран мындай дооматтарды четке каккан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормус кысыгында 19-июлда Британиянын желеги тагылган кемени жана экипаждын 23 мүчөсүн камакка алган.

XS
SM
MD
LG