Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча жаштардын дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды


Мээрим Жуманазарова
Мээрим Жуманазарова

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Эстониянын борбору Таллин шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтында жазылгандай, Жуманазарова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, беш беттеш өткөрдү.

Алгачкы беттешинде украиналык Кристина Малявканы 11:0, экинчи беттешинде орусиялык Кахум Валиеваны 1:1, чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Жэйден Лэй Лаурент менен күч сынашып, 11:0 эсеби менен жеңишке жетип, алтын байге үчүн күрөшүүгө укук алды.

Финалдык беттеште Жуманазарова жапониялык Наруха Матсуюки менен таймашта жеңилип (2:4), күмүш байге алды.

Таймаштын жүрүшүндө алгачкы эки упайды жапон кызы алган. Кийин Мээрим эки упайлык ыкма жасап, эсепти теңеди. Беттештин бүтөрүнө 30 секунда калганда жапониялык кыз эки упайлык ыкма жасоого үлгүрүп, мөөрөйдү илип кетти.

Мээрим Жуманазарова 19 жашта. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын үч жолку чемпиону. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло, 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. Андан сырткары жайкы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2018-ж. Индонезия). Чоңдор арасында өткөн Азия чемпионатында акыркы эки жыл катары менен 3-орунду ээлеп жүрөт. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 12-августта башталган. Кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстандан үч балбан кыз катышып жатат.

15-августта Жуманазаровадан сырткары Назира Марсбек кызы (59 кг) коло байге үчүн таймашып, байгесиз калды (Норена Де Вита (Италия) - Назира Марсбек кызы (Кыргызстан). 16-августта 57 килограммга чейинки салмакта Нураида Анаркулова күчүн сынайт. (GT\ErN)

XS
SM
MD
LG