Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

ИИМ: Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болду


Аида Салянова
Аида Салянова

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштү тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай тараптардын сүйлөшүүсү ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү.

“Адвокатынын катышуусунда тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда Аида Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин айтты. Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык анын буга чейин бекитилген камакка алуу боюнча бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү” деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзүлгөнүн Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова да “Азаттыкка” ырастады.

15-августта кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованы үй камагына чыгарганын анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирген.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө калды. (ErN)

XS
SM
MD
LG