Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Шаардык сот Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карайт


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту бүгүн 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев билдирди.

Соттук отурум саат 10:00го белгиленди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Атамбаевге жалпы 14 иш боюнча айып тагылды. 13-августта ага Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген. Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. (ErN)

XS
SM
MD
LG