Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Нарында жайлоого курулган үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүнө салынган турак үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшериле баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Улан Жаанбаев билдирди.

Кара-Кужур өрөөнүндөгү Кара-Жылга жайлоосунда элүү миң гектардан ашык жайытын союз маалынан бери Нарын району пайдаланып келатат. Кочкор районуна тийиштүү жайытты пайдалануу өкмөттүн тиешелүү токтомунун негизинде ишке ашып келген. Жайлоого чыккандар жайытка биротоло отурукташып, үй салып алганы кочкорлуктардын нааразылыгын жараткан.

Буга байланыштуу Нарын райондук прокуратурасы август айынын башында Нарын аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга кат жолдогон. Анда Кара-Кужурда салынган турак үйлөрдүн мыйзамдуулугун аныктоо тууралуу тапшырма жазылган.

Нарын райондук прокуратурасынын мындай кадамы өткөн айда “Азаттык” радиосунун “Жайытка салынган тамдар талаш жаратты” аттуу макаласы обого чыккандан кийин башталды. Үйлөрдү бузуу-бузбоо маселеси экотехинспекциянын чечиминен кийин белгилүү болот. (MiK\ErN)

XS
SM
MD
LG