Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Сирия, Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштин 2-этабы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сирия жана Ирактын согуштук аймактарындагы качкындар лагеринде жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иш-чаралардын экинчи этабы уланууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү тараптар жана өнөктөш кызматтар менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Маалыматка караганда, террордук иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгы аныкталып жатат.

“Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энесинин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктаганча Сириянын, Ирактын аймагында калуусу шарт. Эгер ата-энеси террордук иш-аракеттерге катыштыгы бар болгон учурда, алар балдарга болгон укугунан ажыратылат”, - деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат. Сирия жана Ирактын согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү президенттин көзөмөлүндө турат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG