Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Прокурордун өлүмүнө шектүү Калыковдун жакындары акцияга чыкты


Мелис Калыковдун жакындары нааразылык акциясына чогулду. Баткен. 16-август, 2019
Мелис Калыковдун жакындары нааразылык акциясына чогулду. Баткен. 16-август, 2019

Баткен шаарында облустук прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалып турган Мелис Калыковдун жакындары нааразылык акциясына чогулду. Акция облустук акимчиликке жакын жерде өтүп жатат. Алар ишти судья Жолборс Кудаяров эмес, башка сот карасын деген талап коюшууда.

“Жолборс Кудаяровдун үстүнөн прокуратура мурда козголгон үч кылмыш ишин жандантты. Ошондуктан бул судья прокуратурага көз каранды”, - дейт шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова.

Учурда аянтка жүзгө жакын киши чогулду.

Кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылып, 9-августтан тартып тамактан баш тарткан. Ал 14-августта ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотконун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG