Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Министрлик: Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Саламаттык сактоо министрлиги 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларда жабыркаган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугуна байланыштуу маалымат таратты. Анда Курманкуловдун абалы дале туруктуу оор бойдон экени айтылат.

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалган. Ошонун жыйынтыктары менен андан кийинки дарылоо жолу белгилүү болот. Милициянын башчысын дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет. Москвага аны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коштоп барган. Анын айтымында, буга чейин жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.

11-августта Бишкекте Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда орусиялык дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин Самат Курманкулов Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG