Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:59

Британия: Солсбериде дагы бир полиция кызматкери ууланган


Солсбери шаарында Сергей Скрипаль жашаган үй.
Солсбери шаарында Сергей Скрипаль жашаган үй.

Британияда полиция Солсбери шаарында "Новичок" деген ат менен таанымал химиялык затка Ник Бейли аттуу полиция кызматкери да ууланганын ачыкка чыгарды. Ага ылайык, Бейли Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууланган жагдайды иликтөөгө катышкан.

Скотленд-Ярд бул жабырлануучу башкалардан айырмаланып азырак ууланганын, саламаттыгына өтө деле чоң залал келбегенин, ошондуктан дарыланып алып тез эле ишке чыкканын маалымдады.

Орусиянын Лондондогу элчилиги буга чейин Скотленд-Ярддын мындай маалыматтары "ишеним жаратпайт" деп билдирип келген.

Орусиянын Чалгын кызматынын мурдагы офицери Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия 2018-жылдын мартында Солсбери шаарында ууландырылган. Андан тышкары дагы үч британ жараны ууланып, бирөө каза болгон. Расмий Лондон алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» затына уукканын билдирип, буга Кремлди айыптап келет. Орус бийлиги айыптоону четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG