Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Камактан бошотулган Ирандын танкери Гибралтардын аймагынан чыкты


Гибралтар бошоткон Ирандын танкери, 15-август, 2019-жыл.
Гибралтар бошоткон Ирандын танкери, 15-август, 2019-жыл.

Гибралтар бийлиги 15-августта Ирандын "Grace-1" үлгүсүндөгү супертанкерин бошоткондон кийин кеме порттон ары үйүн көздөй сүзүп кетти. Анда Тегеран "бул танкер менен эми Сирияга мунай ташылбайт" деп расмий убада бергени маалым болду.

АКШ кара май ташыган кеменин бошотулушуна караманча каршы чыккан жана камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу Гибралтарга бир канча жолу өтүнүч жөнөткөн.

4-июлда Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар аралынын бийлиги 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан «Grace-1» үлгүсүндөгү супер танкерди британ деңиз аскерлеринин жардамы менен колго түшүргөн. АКШ Иранды «Европа Биримдигинин санкциясын бузуп Сирияга мунай ташып бараткан» деген айыптаган.

Тегеран мындай дооматтарды четке каккан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормус кысыгында 19-июлда Британиянын желеги тагылган кемени жана экипаждын 23 мүчөсүн камакка алган.

XS
SM
MD
LG