Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Ингушетия: Жогорку сот чек ара тууралуу парламенттин чечимин колдоду


Рамзан Кадыров менен Юнус-Бек Евкуров чек араны тактоо тууралуу былтыр сентябрь айында макулдашкан.
Рамзан Кадыров менен Юнус-Бек Евкуров чек араны тактоо тууралуу былтыр сентябрь айында макулдашкан.

Ингушетияда Жогорку сот Чеченстан менен чек араны тактоого байланыштуу парламенттин чечимин мыйзамдуу деп тапты. Анын алдында Магасс райондук соту да ушундай эле бүтүм чыгарган болчу.

Сотко Элдик жыйындын айрым депутаттары кайрылган. Алар парламенттеги Чеченстан менен чек араны тактоо мыйзамы боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүшкөн.

Былтыр сентябрь айында Ингушетиянын жана Чеченстандын башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров Советтер союзу ыдырагандан тарта аныкталбай келаткан чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюшкан. Ингушетияда коңшу мамлекетке алдан канча көп жер ашыкча өтүп кеткени айтылып, калайман нааразылык чыгып, ондогон адам камалган.

Өткөн жылдын аягында Орусиянын Конституциялык соту чек ара боюнча ингуш-чечен келишимин мыйзамдуу деп билдирген.

XS
SM
MD
LG