Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Акматалиев: Атамбаевдин жакындары прессадан алыс болушу керек


Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев мурдагы президенттин жакындарын эмоцияга алдырбай, тергөөнүн жыйынтыгын күтүүгө чакырды. Ошондой эле ал Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калганында саясат жок деп эсептейт. Саясат таануучу Акматалиев Атамбаевдин аялы жана баласы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында айткандары боюнча “Азаттыкка” пикирин билдирди.

"Атамбаевдин бөгөт чарасын ошол бойдон калтырууда саясат да, куугунтуктоо да жок. Козголгон иш өз нугунда кетип баратат деп ойлойм. Негизи эле мындай жагдайда үй-бүлө мүчөлөрү прессага көп чыкпай, негизи барын да, жогун да айтпай, эмоцияга берилбей тергөөнүн жыйынтыгын күтүп турганы оң деп ойлойм. “Резиденциядагы үйдү өз акчабызга салганбыз” деп жатат. Мындай сөзгө 99 жооп бар. Ал кайра эле өздөрүнө каршы болуп калышы мүмкүн. “Кайсы акчага?” деген суроо жаралат да”.

16-августта Бишкек шаардык соту УКМКнын имаратында көчмө жыйын өткөрүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карады. Сот “Атамбаев 26-августка чейин камалсын” деген райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Соттун жыйынтыгын күтүп турган Раиса Атамбаева алардын үй-бүлөсү, жакындары куугунтукталып жатканын айткан. Ал “Ала-Арча” резиденциясындагы үйүнө мөөр басылып, буюм-тайымдарын ала албай жатканын билдирген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Башкы прокуратура Атамбаев бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG